Коом

Коронавирус. 931 адамдан аныкталып, дагы 8 бейтап каза болду

Бир суткада 931 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, аймактар боюнча:

Бишкек шаарында — 435,
Ош шаары — 147,
Чүй облусу — 129,
Ош облусу — 93,
Талас облусу — 4,
Нарын облусу — 5,
Ысык-Көл облусу — 27,
Жалал-Абад облусу — 50,
Баткен облусу — 41 кишиден вирус табылды.

COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында беш, Чүй облусунда эки, Ош облусунда бир бейтап каза болду.

2020-жылдын март айынан бери 116 миң 546 киши вируска чалдыгып, 1 миң 945 бейтап көз жумду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button