Коом
Кыргызстанда биринчи жолу сөөк чучугун алмаштыруу боюнча операция жасалды

Ал толугу менен бекер болгонун Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун онкология бөлүмүнүн жетекчиси Султан Стамбеков билдирди.
Биринчи бейтап 14 жаштагы Марьям болду. Ал Ходжкин лимфомасы (лимфа системасынын шишик оорусу) менен жабыркап келчү. Кыз буга чейин 5 жолу химиотерапия алган.
Кыргызстандык дарыгерлер орган алмаштырууну Түркиядан окуп келишкен.
“Бейтапка эки диагноз коюлуп, оор болду. Биз аны операцияга көптөн бери даярдап келгенбиз”, — деди Стамбеков.



