Мектеп жана бала бакчалардагы азык-түлүк боюнча текшерүү жүргүзүлөт

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева мектептерге жана бала бакчаларга азык-түлүк жеткирүүдө мүмкүн болгон картелдик келишимдерди жана продукциянын сапатын текшерүү зарылдыгын көтөрдү.
Анын айтымында, Бишкек, Ош жана башка шаарлардан шайлоочулар мектептер менен бала бакчаларга берилген азык-түлүктүн сапатына байланыштуу даттануулар менен кайрылууда. Депутат бул тармакта иштеген айрым адамдар да көйгөйлөр тууралуу ачык айтуудан кызыкдар тараптардан коркуп жатышканын билдирген.
Сурабалдиева балдарга билим берүү мекемелеринде кандай азык-түлүктөр берилерин текшерип, укук коргоо органдарына жана райондук билим берүү башкармалыктарына тиешелүү текшерүү жүргүзүүнү тапшыртуу керектигин айтты.
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев депутаттын сунушун колдоп, тармактык комитеттин алдында ведомстволор аралык комиссия түзүү зарылдыгын белгиледи. Ал тиешелүү тапшырманы аппаратка берди.



