Коом

Түптө 163,9 млн сомдук эс алуу лагери мамлекетке кайтарылды

Түп райондук прокуратурасы жер мыйзамдарынын сакталышын текшерүү учурунда 2008-жылы Түп мамлекеттик адистештирилген чарбасына караштуу ден соолукту чыңдоо лагеринин мүлктүк комплекси 6 гектар жер тилкеси менен мыйзам талаптарын бузуу аркылуу жеке адамдарга өткөрүлүп берилгенин аныктаган.

Прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында баасы 163 млн 945 миң сом болгон мүлктүк комплекс жана 6 гектар жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Прокуратура социалдык багыттагы объектилерди мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүп берүү фактыларын аныктоо жана аларды мамлекетке кайтаруу боюнча ишти улантууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button