Коом

Ош базарынан антибиотик сатып алып колдонгон жаран каза болду

Бишкектин Ала-Тоо конушундагы бейтапканада 29 жаштагы жаран каза болду. Бул тууралуу Ленин райондук бириккен Үй-бүлөлүк медициналык борборунун директору Чоро Сатаев билдирди.

Маалыматка ылайык, маркум 16-июнда Бишкектин Ала-Тоо конушундагы медициналык борборго оор абалда кайрылган. Зарыл болгон медициналык аракеттердин баардыгы көрсөтүлгөндүгүнө карабай, каза болуп калган.

“Жакындары Ош базарынан контейнерлердин биринен «цефтриаксон» деген антибиотикти сатып алып сайдыргандан кийин өзүн жаман сезип жаткандыгын айтышкан. Тийиштүү медициналык экспертизанын жыйынтыгы азыр чыга элек, бир айдан кийин аныкталат«, -деп билдирди Чоро Сатаев.

Маркум 1992-жылы туулган. Ооруканага барган кезде, жубайы жанында болгондугу айтылат.

Ленин РИИБи ошол эле күнү аталган контейнерге барып, дарыларын чогултуп алган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button