Дем алышка карата аба ырайы кандай болот? Кыргызгидрометтин билдирүүсү
Кыргызгидромет дем алышка карата аба ырайынын божомолун жарыялады.
Билдирмеге караганда, апта аягында өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык болору божомолдонду.
Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 26-июнда тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. 27-июнда тоолуу райондордон башка жерлерде күн ачык болору айтылды.
Таласта аптанын акыркы эки күнүндө тең жаан жаабайт, абанын температурасы жогору болору белгиленди. Ысык-Көлдө 26-27-июнда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бирок Каракол, Чолпон-Ата шаарларында күн ачык болот.
Нарында 26-июнда жаан жаашы мүмкүн, ал эми 27-июнь, жекшембиде, түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүшү ыктымал.
Апта аягы Бишкекте күн ачык болуп, абанын температурасы 30…32 градуска чейин ысый турганы кошумчаланды.



