Окуялар

Таласта милиция кызматкерлери мыйзамсыз ок атуучу куралдарды сактаган жаранды кармашты

Талас ШИИБнөТалас ОИИБнын КМКга түшкөн маалымат боюнча​ Талас шаарынын​ тургуну “Ж” аттуу жаран өзү жашаган турак жайында​ мыйзамсыз ок атуучу куралдарды, ок-даарыларын сактап жүргөн.  Бул тууралуу Талас ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат Талас ШИИБнүн КЖБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 253- беренесинин 2-бөлүмүндө каралган кылмыштын белгилери менен​ сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Сотко чейинки өндүрүш иши боюнча кызматкерлердин ыкчам иш алып барууларынын ​ натыйжасында​ шектүү адамдын өздүгү такталып, ал Талас шаарынын тургуну​ 1993-жылы туулган К. ​ уулу Ж. экендиги аныкталган.

Талас шаардык тергөө судьясынын тинтүү жүргүзүүгө уруксат берүү жөнүндөгү​ токтомунун негизинде, 2021-жылдын 24-сентябрь күнү Талас шаарынын Ж.Бейшеналиев ​ көчөсүндө жайгашкан турак үйгө тинтүү жүргүзүү учурунда мал сарайынан 1 даана “ИЖ-18Е” үлгүсүндөгү 12 калибрлүү мылтык, 1 даана 16 калибрлүү мылтык, 1даана кесилип атайын даярдалган кесилген мылтык (обрез), гильза жана​ бычак табылып алынган. Алынган курал-жарактар боюнча соттук-баллистикалык экспертиза​ дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат. Кармалган жаран тергөөдө сурак берүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button