Коом
Коронавирус. 822 адамдан аныкталып, дагы беш бейтап каза тапты

Акыркы суткада Кыргызстанда 822 кишиден коронавирус аныкталып, 475 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
- Бишкек – 300;
- Ош – 70;
- Чүй облусу – 207;
- Ош облусу – 93;
- Талас облусу – 9;
- Нарын облусу – 1;
- Ысык-Көл облусу – 20;
- Жалал-Абад облусу – 80;
- Баткен облусу – 42.
Ушуну менен өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 118 106га жетти. Анын ичинен 106 858 киши дартты жеңген.
Тилекке каршы, өткөн суткада дарт беш адамдын өмүрүн алды:
- Бишкек – 3;
- Чүй облусу – 1;
- Ош шаары – 1.
Жалпысынан оорудан 1 958 адам каза тапты.
Азыркы тапта стационарда 2 604 бейтап дарыланууда. Анын ичинен 801 бейтап оор абалда болсо, 100 адамдын абалы өтө оор деп бааланды. Бир сутка ичинде 21 медиктен коронавирус табылганы кошумчаланды.



