Коом

Коронавирус. 875 адамдан аныкталып, дагы алты бейтап каза тапты

Кыргызстанда 25-июнга карата коронавирус дагы 875 адамдан аныкталып, дагы алты бейтап каза тапты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинде:

Бишкек шаарында – 395,
Ош шаарында – 55,
Чүй облусунда – 128,
Ош облусунда – 109,
Талас облусунда – 12,
Нарын облусунда – 10,
Ысык-Көл облусунда – 27,
Жалал-Абад облусунда – 90,
Баткен облусунда – 49 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 533 адам илдеттен сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 5, Чүй облусунда – 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 2 миң 702 бейтап, амбулатордук түрдө 5 миң 862 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 23 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Сутка ичинде стационардан 6, үй карантининен 5 медкызматкр чыгарылган. Пандемия башталгандан бери 5 миң 231 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 818 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 118 миң 981 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 107 миң 391 киши айыгып чыкса, 1 миң 964 адам каза болду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button