Коом

Коронавирус. 892 адамдан аныкталып, дагы алты бейтап каза тапты

Кыргызстанда 25-июнга карата коронавирус дагы 892 адамдан аныкталып, дагы  алты бейтап каза тапты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинде:

Бишкек шаарында – 401,
Ош шаарында – 55,
Чүй облусунда – 143,
Ош облусунда – 81,
Талас облусунда – 7,
Нарын облусунда – 7,
Ысык-Көл облусунда – 27,
Жалал-Абад облусунда – 110,
Баткен облусунда – 61 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 524 адам илдеттен сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 3, Чүй облусунда – 2, Жалал-Абад облусу – 1, Ош шаары – 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 2 миң 811 бейтап, амбулатордук түрдө 6миң 108 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 36 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Сутка ичинде стационардан 3, үй карантининен 9 медкызматкр чыгарылган. Пандемия башталгандан бери 5 миң 267 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 830 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 119 миң 873 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 107 миң 915 киши айыгып чыкса, 1 миң 971 адам каза болду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button