Коом

Кыргызстанда COVID-19га каршы вакцинаны 112,2 миң жаран алды

Кыргызстанда 30-июнга карата COVID-19га каршы вакцинаны жалпы 112 миң 289 жаран алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өткөн суткада 3 миң 198 адам вакцинанын биринчи дозасын, 612си экинчи дозаны алышты.

“Республика боюнча 112 миң 289 адам эмдөөдөн өтсө, алардын ичинен 78 миң 2 жаран вакцинанын экинчи дозасын сайдырды”, — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button