Коронавирус. 1485 адамдан аныкталып, дагы 10 бейтап каза тапты

Кыргызстанда 2-июлга карата коронавирус дагы 1 миң 485 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинде аймактар боюнча:
Бишкек шаарында – 923,
Ош шаарында – 33,
Чүй облусунда – 165,
Ош облусунда – 109,
Талас облусуннда – 22,
Нарын облусунда – 24,
Ысык-Көл облусунда – 38,
Джалал-Абад облусунда – 91,
Баткен облусунда – 80 адамдан илдет табылган.
Ал эми бир суткада 571 адам илдеттен сакайды.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 6, Жалал-Абад облусунда 1, Талас облусунда 1, Баткен облусунда 2 бейтап каза болгон.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 691 бейтап, амбулатордук түрдө 9 815 адам дарыланууда.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 51 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 5 миң 505 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 924 медкызматкер айыгып чыкты.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 127 миң 880 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 111 миң 269 киши айыгып чыкса, 2 миң 19 адам каза болду.



