Окуялар

Ысык-Атада Чоң Чүй каналына 17 жашар бала чөгүп кеткен

Ысык-Атада Чоң Чүй каналына 17 жашар бала чөгүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалымака ылайык, Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ивановка айылында Чоң Чүй каналына 2004-жылы туулган Ч.А. аттуу бала чөгүп кеткен.

Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн 7 куткаруучу тартылган. Издөө иштеринин натыйжасында баланын сөөгү туугандары тарабынан табылган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button