Казакстандык жаран президентке кайрылды: 200 миң доллардан ашык каражатка алданганын айтты

Өзүн Казакстандын жараны деп тааныштырган Алиджи Афаров президентке кайрылып, “Жапаровдун тууганымын деген адам” аны 200 миң долларга алдап кеткенин билдирди. Бул тууралуу ал Садыр Жапаров 7-ноябрда Кантта эл менен жолугушкан учурда айтып чыкты.
Афаров Канттан алыс эмес жерден карьер сатып алганын, бирок кийинчерээк уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү алдоо жолу менен мүлктү тартып алышканын билдирди.
“Мен карьер сатып алып, уюшкан кылмыштуу топтун колуна түшүп калдым. Алар алдамчылык жол менен аны алып коюшту. Зыяндын суммасы 200 миң доллардан ашат. Алардын бирөө, Азамат Жапаров деген өзүн сиздин тууганыңызмын деп тааныштырган. Экинчиси, Илязбек Каипов деген”, — деди Афаров.
Президент аты аталган адам чындап эле анын тууганыбы же башка экенин тактады.
«Азамат Жапаров деген менин тууганым эмеспи? Же жөн эле фамилиясы окшошпу?» — деп сурады мамлекет башчы.
Афаров ал киши алгач өзүн президенттин тууганымын деп тааныштырганын, бирок бул маалымат чындыкка дал келбей турганы кийин билингенин кошумчалады.
Садыр Жапаров бул окуянын чоо-жайын тактоону ИИМе тапшырды.



