Коом

Улан Ниязбеков Жогорку Кеңеште Орхан Инанды боюнча маалымат берди

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары «Сапат» лицейлер мекемесинин президенти Орхан Инандынын Түркияга чыгарылып кетиши боюнча укук коргоо органдарынын маалыматын угуу учурунда ички иштер министри Улан Ниязбеков да түшүндүрмө берип, депутаттардын суроолоруна да жооп берди. Тактап айтканда министр Орхан Инандынын бүгүнкү күндө биздин республиканын жарандыгын алгандыгы белгилүү болгон. Азыркы учурда кылмыш ишинин алкагында паспорттун кандай алгандыгын текшерип жатабыз. Бирок түрк мамлекети тарабынан дагы өзүңуздөргө белгилүү болгондой, алар дагы айтып жатат биздин жарандыктан чыгып кеткен эмес. Ал  биздин жаран дагы деп айтып жатышат. Ошондо кош жарандык дагы пайда болуп жатат. Азыр кылмыш ишинин алкагында бизге дагы ошондой маалымат жеткендиктен, жарандыгынын кандай алынгандыгы тууралуу териштирүү иштерин баштадык. Кандайча алынгандыгын териштиребиз. Анан жыйынтыгын айтабыз,- деди министр.

Ошондой эле Жогорку Кеңеште министр бизде кандайдыр бир кылмыш кылып түрмөдө отурган түрк жараны барбы деген суроого, албетте бар, ар кандай кылмыш кылып, анын ичинде адам өлтүрүп, издөөдө жүргөн адамдар бар деп жооп кайтарды. Улан Ниязбеков ошол отурган түрк жарандарына алмаштыра алабызбы, деген суроосуна жооп кылып биз жарандарга кепилдик беришибиз керек, өлкөнүн ичинде коопсуз жашай тургандай шарт түзүп беришибиз керек. Сиз айткан маселе боюнча дагы ойлонуп жатканбыз. Ошондой эле азыр 10дон ашык түрк жарандары камакта отурат. Ошолордун бул жерде Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш кылып, абакта отурган кылмышкерлерди алмаштыруу маселелери дипломатиялык жолдор менен чечилиши керек деп ойлойм,-деди.

Ошондой эле 6-июлда Орхан Инанды Түркиянын атайын кызматтары тарабынан чыгарылып кеткени туурасында маалымат тарап, ар кандай ой-пикирлер жаралган. Бул жерде маанилүү нерсени белгилеп кетейин, мыйзамга ылайык, өлкө ичиндеги жалпы коомдук-коопсуздук ички иштер органдарына жүктөлгөн. Эл эми сырттан келген коркунучтарга жана чалгындоо иштерине бөгөт коюу ички иштер органдарынын милдетине кирбейт», — деди Улан Ниязбеков.

ИИМдин Басма Сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button