Спорт
Эркин күрөш (U-20): Адилет Акылбеков дүйнө чемпионатында финалга чыкты

74 кг салмак категориясында күч сынашкан Адилет Акылбеков Италиялык Рауль Касону 4:2 эсебинде жеңип, жаштар арасындагы дүйнө чемпионатынын финалына чыкты.
Кыргызстандык балбан алтын медаль үчүн болгон таймашта Россиянын атынан беттешкен Исмаил Ханиев менен күрөшөт.
20 жашка чейинки спортчулар үчүн уюштурулган турнир 17-августта Болгариянын Самоков шаарында старт алды.
74 кг салмак категориясындагы финалдык таймаш бүгүн, 18-августта өтөт.



