Окуялар

Түптө куткаруучулар сууга чөгүп кеткен баланы табышты

Түптө куткаруучулар сууга чөгүп кеткен баланы табышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлдигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 13-июлда саат 15:40 чамасында Ысык-Көл облусунун Түп районунун Кудургу айылында көлгө 2005-жылы туулган Ч.А.Б аттуу бала чөгүп кеткен.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, саат 19:30да караңгы кирип кеткендигине байланыштуу издөө иштери токтотулган.

Бүгүн, 14-июль күнү куткаруучулар тараптан маркумдун сөөгү саат 12:03дө суудан табылып милиция кызматкерлерине өткөрүп берилди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button