Күйөөсү тарабынан өлтүрүлгөн аялдын балдарына К.Ташиевдин көрсөтмөсү менен үй бериле турган болду

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы, генерал-полковник К.К. Ташиевдин көрсөтмөсү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин штаб-квартирасында маркум Урустемова Жибек Бакытовнанын улуу уулу Урустемов Б.Б. менен жолугушуу өттү.
Жолугушуунун жыйынтыгында Урустемова Жибек Б.нын балдарына турак жай, үй-бүлө мүчөлөрүнүн жашаган жери боюнча ипотекалык насыяны төлөө, улуу уулун жумушка орноштуруу жана маркумдун үч баласына тең билим берүү сыяктуу бардык кыйынчылыктарга жардам берүү чечими кабыл алынды.
Бул маселе Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин башчысынын өзгөчө көзөмөлүндө.
Эскерте кетсек, буга чейин Урустемова Жибек күйөөсү тарабынан атылып, өлтүрүлгөн. Анын артында 3 баласы калган. Учурда аялын өлтүргөн жаран кармалып, тергөө иштерин УКМК өз көзөмөлүнө алды.



