Коом

Бишкекте жол тыгындарын азайтуу үчүн жасалма интеллект колдонулат

Бишкек шаарындагы жол тыгындарынын алдын алуу жана транспорттук кыймылды уюштуруу үчүн жасалма интеллект тартылат. Бул тууралуу И. Раззаков атындагы КМТУ, Бишкек мэриясынын «Санариптик технологиялар борбору» жана «Doroga» стартапы кызматташуу меморандумуна кол коюшту.


​Долбоордун алкагында ата мекендик «Атлас» санариптик платформасы колдонулуп, ал жасалма интеллекттин жардамы менен жол агымын талдап, тыгындарды алдын ала болжолдойт.

Платформа жүргүнчүлөргө ыңгайлуу маршруттарды сунуштоо менен бирге, кыргыз жана орус тилдеринде иштеген улуттук картаны өнүктүрөт. Жыйналган бардык маалыматтар жашыруун сакталып, өлкө аймагынан тышкары чыкпайт.

Тектеш кабарлар

Back to top button