Окуялар

Жылкычы жигит элдин 75 баш малын сатып жиберген

Жайыл районунун Арал айылынын тургуну Динара Курамаева мал уурдоо иши боюнча сөз сүйлөдү.

«Былтыр дүңгөрөгөн мал жоготуу болду. 75 башты жылкычы бала сатып жиберген. Мен 21 башка арыз жазгам. Бардыгы 26 башым жок. Жабырлануучулар 17 киши болдук. Бирок бүт баарына тосмо арыз жаздырып, РОВД басып салды. 1 жыл 1 ай болду. Сот процесси жүрүп атат. Мен эч кимден маалымат ала албай койдум. Сурасаң прокуратура РОВДга шылтайт. Малды сатып ийген жигит СИЗОдо», — деди айым.

Ички иштер министринин орун басары элдин малын алып баккан малчы 75 башты сатып жибергенин, тергөө жүрүп жатканын билдирди.

Президент: — Мүмкүнчүлүгү барбы малды кайтарып бергенге?

  • Төлөп бере албайт го кебетесине караганда. Бирок соттун чечими менен эметет да.

Президент: — Сатып туруп акчаны жок кылган экен да анда. Жардам бергиле, кайтарып бергиле! Созбогула тергөөсүн!

Тектеш кабарлар

Back to top button