Спорт

Токио-2021. Олимпиадага катышкан кыргызстандык Кубанычбекова орунга илинген жок

Кыргызстандык мерген кыз Каныкей Кубанычбекова Олимпиада-2020 оюндарында мелдешке катышып, финалдык баскычка чыга алган жок. Таңкы саат 05:30да болгон пневматикалык мылтык менен 10 метр аралыктан атуу боюнча жарышты КТРК-спорт каналы түз алып көрсөттү.

Мелдешке жалпысынан 50 спортчу катышты. Кубанычбекова жарышта 612,8 упай топтоп, алдыңкы сегиздикке да кире албай калды. Бул үчүн ага 16 упай жеткен жок.

Бул жарышта биринчи орунду 251,8 упай топтогон кытайлык мерген кыз Цянь Ян ээлеп, Олимпиада-2020 чемпиону болду. Экинчини Россиянын спортчусу Анастасия Галашина (251,1 упай) ээлесе, ал эми швейцариялык Нина Кристен (230,6) үчүнчү орундун ээси болду. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button