Спорт
Кыргызстан U-23 Гонконгду 4:0 эсебинде жеңди

Кыргызстандын 23 жашка чейинки олимпиадалык футбол курамасы Японияда өтүп жаткан 2026-жылкы Азия оюндарында Гонконгдун командасын 4:0 эсебинде утту.
Оюндун 7-мүнөтүндө Даниэль Омаров эсепти ачса, 22-мүнөттө Ырыскелди Маданов Кыргызстандын артыкчылыгын эки голго жеткирди. Экинчи таймдын аягында Эрбол Абдужапаров үчүнчү голду киргизип, 86-мүнөттө Сардорбек Нематов акыркы эсепти белгиледи.
Бул кыргызстандык футболчулардын тайпалык баскычтагы биринчи жеңиши болду.
Кыргызстан А тайпасында буга чейин Японияга 0:7, Таиландга 2:3 эсебинде жеңилген. Үч упай топтогон команда тайпада үчүнчү орунду ээлеп, плей-оффко чыга алган жок.
Чейрек финалга Япония жана Таиланд жолдомо алышты. Япония КЭДР менен, ал эми Таиланд Кытай менен беттешет.



