Коом

Коронавирус. Акыркы суткада 973 адамдан аныкталып, дагы 12 бейтап каза тапты

Кыргызстанда 26-июлга карата коронавирус дагы 973 адамдан аныкталып, 12 бейтап каза тапты. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде аймактар  боюнча:

Бишкек шаарында – 637,
Ош шаарында – 23,
Чүй облусунда – 72,
Ош облусунда – 12,
Талас облусунда – 18,
Нарын облусунда – 18,
Ысык-Көл облусунда – 39,
Жалал-Абад облусунда – 92,
Баткен облусунда – 62 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 1 миң 568 адам илдеттен сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгондор:

Бишкек шаарында  — 8,
Чүй облусунда-  4 бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 4 миң 187 бейтап, амбулатордук түрдө 13 миң 691 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 11 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Стационардан 21, ал эми үй карантининен 27 медкызматкер чыгарылган. Пандемия башталгандан бери 6 миң 354 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 5 миң 651 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 158 миң 120 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 136 миң 700 киши айыгып чыкса, 2 миң 261 адам каза болду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button