Коронавирус. Акыркы суткада 13 бейтап каза тапты

Кыргызстанда 28-июлга карата коронавирус дагы 996 адамдан аныкталып, дагы 13 бейтап каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинде аймактар боюнча:
Бишкек шаарында – 603,
Ош шаарында –9,
Чүй облусунда – 126,
Ош облусунда – 26,
Талас облусунда – 12,
Нарын облусунда – 14,
Ысык-Көл облусунда – 56,
Жалал-Абад облусунда – 92,
Баткен облусунда – 58 адамдан илдет табылган.
«Ал эми бир суткада 1 миң 723 адам илдеттен сакайды», — деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 13 бейтап каза болгон.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 миң 928 бейтап, амбулатордук түрдө 12 миң 528 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 160 миң 85 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 140 миң 39 киши айыгып чыкса, 2 миң 288 адам каза болду.



