Чүй облусунда баңгизаттарды жашыруун өстүргөн жергиликтүү жаран кармалды. Фото

Жургүзүлгөн комплестүү ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында КР ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан каннабис тобундагы баңгизаттарды өстүрүү менен алектенген жактын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу КР ИИМдин БМЖКККнын Басма-сөз кызматы билдирди.
Чүй облусунун Сокулук районунан 45 жаштагы жергиликтүү жаран жашыруун шарттарда өсумдук баңгизаттарын өстүрүү жана өндүрүү менен алектенген.
Кыргыз Республикасынын КЖКнын 268-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун максатын көздөбөй сатып өткөрүү жана мыйзамсыз даярдоо) алкагында ыкчам кызматкерлери тарабынан ЧЧКнын (БЧК) ылдый жагындагы фермада тинтүү жүргүзүү учурунда, жети жүз жыйырма эки даана көчөттөр табылып алынган.
Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 177 кг 900 грамм баңгикаражаттарды камтуучу өсүмдүктөр алынган.
Учурда шектүү УКЖга киргизилип, сотко чейинки өндүрүү иштери уланууда.





