Коом

Акыркы суткада коронавирустан 10 бейтап каза тапты. Статистика

Кыргызстанда 30-июлга карата коронавирус дагы 958 адамдан аныкталып, дагы он бейтап каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде:

Бишкек шаарында – 574,
Ош шаарында – 6,
Чүй облусунда – 128,
Ош облусунда – 26,
Талас облусунда – 13,
Нарын облусунда – 24,
Ысык-Көл облусунда – 52,
Жалал-Абад облусунда – 78,
Баткен облусунда – 57 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 1 миң 485 адам илдеттен сакайды», — деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 10 бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 миң 888 бейтап, амбулатордук түрдө 11 миң 483 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 161 миң 973 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 142 миң 984 киши айыгып чыкса, 2 миң 311 адам каза болду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button