Окуялар

Алайда автоунаа сууга кулап, эки адам көз жумду. Фото

Ош облусунун Алай районунда автоунаа сууга түшүп кетип, эки адам каза тапты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Кырсык Ош — Сары-Таш — Эркечтам жолунун 93-чакырымында (Кызыл-Коргон айылы) катталган. Анда Toyota Ist үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулга ээ боло албай оодарылып кетип, Гүлчө суусуна кулаган.

«Кырсыктан 51 жаштагы эркек киши жана 50 жаштагы аял каза болгон», — деп айтылат маалыматта.

Окуя болгон жерге ӨКМдин Алай районундагы куткаруучулары барып, маркумдардын сөөгүн суудан алып чыгып, ИИМ өкүлдөрүнө өткөрүп берген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button