Коронавирус. 696 адамдан аныкталып, дагы 9 бейтап каза тапты

Кыргызстанда 4-августка карата коронавирус дагы 696 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинде аймактар боюнча:
Бишкек шаарында – 339,
Ош шаарында – 10,
Чүй облусунда – 84,
Ош облусунда –44,
Талас облусунда – 14,
Нарын облусунда – 15,
Ысык-Көл облусунда – 50,
Жалал-Абад облусунда – 89,
Баткен облусунда – 51 адамдан илдет табылган.
Ал эми бир суткада 1 миң 681 адам илдеттен сакайып чыккан.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча тогуз бейтап каза болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 миң 393 бейтап, амбулатордук түрдө 8 миң 270 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 166 миң 236 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 150 миң 852 киши айыгып чыкса, 2 миң 363 адам каза болду.



