Коом

Депутат МСЭК системасы эң коррупциялашкан тармактардын бири деп атады

Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Карыбек уулу Медициналык-социалдык эксперттик комиссияны (МСЭК) реформалоону сунуштады. Эл өкүлүнүн айтымында, аталган мекеменин иши бүгүнкү күндө бюрократия жана коррупция менен тыгыз байланышкан.

ЖК комитетинин жыйынында МСЭКтин ишмердүүлүгү каралып жатканда, Карыбек уулу бул комиссияга байланыштуу жарандардан көптөгөн нааразычылыктар, кайрылуулар жана даттануулар келип түшүп жатканын баса белгиледи.

«Эл арасында бул мекеме коррупциялашкан, бюрократияга баткан деген түшүнүк калыптанып калды. Биз жарандардын каттарын МСЭКке жөнөтсөк, алар психиатрга жиберет, ал жактан кайра комиссияга кайтарышат. Башкача айтканда, жарандардын арыз-каттары ортодо топ сыяктуу ары-бери эле тебилип калууда», — деди депутат.

Ал Бишкектеги МСЭКтердин биринде документ даярдоо үчүн жарандардан акча талап кылынарын айтып, далил катары нааразы болгон аялдын үн жазуусун угузду.

«Мен жалгыз бой энемин, майыптыгы бар баланы тарбиялап жатам. Документти бүтүрүү үчүн 5 миң сом төлөөгө туура келди. Кабинетте үч кызматкер отурган, алар бул акчаны өз ара бөлүшүп алышат окшойт. Диагнозу айдан ачык турса дагы, ал жакка келгендердин баарынан акча алышат экен», — деп билдирген Бишкектин тургуну үн жазуусунда.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Аида Исатбек кызы депутаттан арызданган аялдын телефон номерин берүүнү суранып, бул фактылар ийне-жибине чейин текшерилерин жана күнөөлүүлөргө чара көрүлөрүн убадалады.

Тектеш кабарлар

Back to top button