Коронавирус. 658 адамдан аныкталып, дагы сегиз бейтап каза тапты

Кыргызстанда 6-августка карата коронавирус дагы 658 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинде аймактар боюнча:
Бишкек шаарында – 345,
Ош шаарында – 9,
Чүй облусунда – 80,
Ош облусунда – 18,
Талас облусунда – 10,
Нарын облусунда – 14,
Ысык-Көл облусунда – 59,
Жалал-Абад облусунда – 74,
Баткен облусунда – 49 адамдан илдет табылган.
Ал эми бир суткада 1 миң 532 адам илдеттен сакайып чыккан.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча сегиз бейтап каза болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 миң 173 бейтап, амбулатордук түрдө 6 миң 874 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 167 миң 734 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 153 миң 934 киши айыгып чыкса, 2 миң 380 адам каза болду.



