Баткенде милиция кызматкерлери сууга чөгүүнү алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүүдө

Баткен РИИБнин Кара-Бак айылдык милиция бөлүмчөсүнүн жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери Кара-Бак айыл аймагына караштуу Кара-Бак, Дөбө, Бай-Кара-Бак, ал эми Дара айыл аймагына караштуу Чет-Кызыл, Жаңы-Жер, Чек айылдарынын тургундары менен жолугушуп, кылмыштуулуктун алдын алуу жана болтурбоо максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Ошондой эле жайкы каникул убагында жаш өспүрүмдөрдүн сууга чөгүү фактыларын алдын алуу боюнча коопсуз болгон каналдарга, көлмөлөргө эскертүү баракчаларын илүүдө.
2021-жыл ичинде Кара-Бак айылындагы мектеп окуучуларынын ортосунда массалык мушташуу боюнча 2 факт катталган. Мындай көрүнүштөрдүн алдын алуу жана болтурбоо максатында милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту сактоо менен жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Жаш өспүрүмдөр арасында укук бузууларды, кылмыштуулуктун алдын алууда милиция кызматкерлери “Көчө баласы” рейдин уюштуруп, түндө өз алдынча жүргөн балдар текшерилди. Ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарына тиешелүү сунуштар берилди.
Кара-Бак айылдык милиция бөлүмчөсү тейлеген аймакта жалпысынан 13 миңден ашуун жаш өспүрүм бар.
Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы



