Коронавирус. 468 адамдан аныкталып, дагы жети бейтап каза тапты

Кыргызстанда 13-августка карата коронавирус дагы 468 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинде аймактар боюнча:
Бишкек шаарында – 262,
Ош шаарында – 3,
Чүй облусунда – 72,
Ош облусунда –12,
Талас облусунда – 8,
Нарын облусунда – 12,
Ысык-Көл облусунда – 37,
Жалал-Абад облусунда – 37,
Баткен облусунда – 25 адамдан илдет табылган.
Ал эми бир суткада 646 адам илдеттен сакайып чыккан.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча жети бейтап каза болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 2 миң 283 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 668 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 171 миң 238 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 161 миң 450 киши айыгып чыкса, 2 миң 433 адам каза болду.



