Коом

Коронавирус. Акыркы суткада 341 адамдан аныкталып, дагы алты бейтап каза тапты

Кыргызстанда 17-августка карата коронавирус дагы 341 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде аймактар боюнча:

Бишкек шаарында – 151,
Ош шаарында – 3,
Чүй облусунда – 93,
Ош облусунда – 1,
Талас облусунда – 15,
Нарын облусунда – 11,
Ысык-Көл облусунда – 29,
Жалал-Абад облусунда – 22,
Баткен облусунда – 16 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 561 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча алты бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 920 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 67 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 172 миң 668 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 163 миң 810 киши айыгып чыкса, 2 миң 457 адам каза болду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button