Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык тарыхына арналган китептердин сериясы чыкты

Белгилүү окумуштуу, тарыхчы, саясат таануучу, котормочу Аалыбек Акунов окурмандар үчүн Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган китептердин сериясын чыгарды.
Бул китептердин сериясы СССР кыйрап жана Кыргыз Республикасы көз карандысыздыгына ээ болгондон тарта бүгүнкү күнгө чейинки тарыхын изилдөөгө арналган. Китептерде Кыргызстандын заманбап тарыхын түшүнүү үчүн өзөктүү мааниге ээ болгон маселелердин жана окуялардын кеңири чөйрөсү каралды.
Сериянын ичинде «Кыргызстан эгемендик доорунда: 1991–2021» (1040 бет, 65,3 басма табак) жана “Кыргыз Республикасынын соңку жаңы тарыхы (1990–2021) боюнча хрестоматия” (612 бет, 51 басма табак) аттуу көлөмдүү эмгектер бар.
Серияда соңку доордогу саясий процесстердин тарыхына, анын ичннде акаевдик–бакиевдик–атамбаевдик–жээнбековдук авторитардык режимдердин кесепетинен келип чыккан 2005-, 2010- жана 2020-жылдардагы саясий ыңкылаптардын тарыхына; 2002-жылдагы Аксы окуясына; 2010-жылдагы өлкөнүн түштүгүндөгү этностор аралык кагылышууга; чуулгандуу Кумтөр алтын аферасынын тарыхына көбүрөөк орун берилди. Көз карандысыз Кыргыз Республикасынын көп векторлуу тышкы саясатынын тарыхы, Кыргызстандын элинин ассамблеясынын ишмердиги жана чет өлкөлөрдөгү кыргыздардын тарыхы кеңири жазылды.
Мындан тышкары, эгемен Кыргызстандын бүгүнкүсү жана келечеги жөнүндөгү аналитикалык, бүгүнкү күндө классикага айланып калган Дооронбек Садырбаев, Салижан Жигитов, Алым Токтомушев, Ишенбай Абдуразаков, Азамат Алтай, Табылды Эгембердиев, Талип Ибраимов, Камбаараалы Бобулов, Казат Акматов сыяктуу асылдардын макалалары берилди. XX кылымдын 80-жылдарынан бүгүнкү күнгө чейинки Кыргызстанда болуп өткөн тарыхый маанилүү окуялардын кеңири хронологиясы жана бардыгы болуп сегиз жүздөн ашык окуялар менен документтер камтылды.
Бул басылмалар Кыргызстандагы коомдук жашоонун бардык тармактары боюнча бүгүнкү абалын түшүнүүгө, ички жана тышкы саясаттын кайсыл багытта баратканын аныктоого, өнүгүүнүн негизги оң факторлорун жана ага тоскоолдук болуп жаткан көйгөйлөрдү билүүгө ой булак катары жардам берет.
Китептер жадыбалдар (таблицалар), сүрөттөр, карталар, илимий аппарат жана хронологиялык көрсөткүч менен камтылган. Алар тарыхты сүйүүчүлөргө, ЖОЖдор менен мектептердин окутуучуларына, студенттерге, жалпы эле тарыхка кызыккандарга арналат.
Маалымат катары:
Аалыбек Акунов – белгилүү саясат таануучу, тарыхчы, котормочу. Тарых жана саясат таануу илимдеринин доктору (2000), профессор (2001), 1982-2011 жж. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинде окутуучудан жогорку окуу жайдын ректоруна чейинки кызматтарда эмгектенген. 2011-ж. тартып Насирдин Исанов атындагы Кыргыз Улуттук Техникалык Университетинде кафедра башчысы. Кыргыз, орус, англис, немис, түрк, поляк, ж.б. тилдерде жарыяланган 42 илимий монографиялардын, окуу китептеринин жана 100 дөн ашуун ар кыл илимий макалаларынын автору. Анын жетекчилиги астында 2 докторлук жана 18 кандидаттык диссертация жакталган.







