Коом
Коронавирус. 269 адамдан аныкталып, дагы беш бейтап каза тапты

Кыргызстанда 18-августка карата коронавирус дагы 269 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинде аймактар боюнча:
Бишкек шаарында – 114,
Ош шаарында – 4,
Чүй облусунда – 73,
Ош облусунда – 14,
Талас облусунда – 15,
Нарын облусунда – 7,
Ысык-Көл облусунда – 27,
Жалал-Абад облусунда – 15 адамдан илдет табылган.
Ал эми бир суткада 534 адам илдеттен сакайып чыккан.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча беш бейтап каза болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 823 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 894 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 172 миң 937 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 164 миң 344 киши айыгып чыкса, 2 миң 462 адам каза болду.



