Окуялар

СИЗО-1ге баңгизат киргизип жаткан жеринен 33 жаштагы киши кармалды

Бишкек шаарында баңгизат каражаттарын СИЗО-1ге өткөрүү ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, Октябрь райондук милициясына белгисиз жарандар ар кандай баңгизаттарды сактап жана жакынкы күндөрү СИЗО-1ге киргизип берүүнү көздөп жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

«Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө соттолгондор үчүн азык-түлүк өткөрүү жеринен ун салынган баштыктын ичине салмагы 15 грамм болгон гашиш салынып киргизгене жаткан жеринен кармалган. Жеринде 33 жаштагы жаран кармалып, тергөө жайына киргизилген.

Ал сурак учурунда түзөтүү мекемелеринин биринде жаза өтөп жаткан тааныштарынын бири белгиленген күнү соттолгондордун бирине бир баштык тамак-аш алып келип берүүнү суранганын көрсөткөн. Анда шектүү Абдрахманова менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адамдар менен жолугуп, 4 даана пакет алып келген.

Шектүү жарандын берген көрсөтмөсүнө ылайык, милиция кызматкерлери бул фактыга тиешелүү дагы башка шектүү жарандарды аныктап, кармаган. Алар 27 А.Э. жана 23 жаштагы А.М. аттуу жарандар. Анын бирөөсү убактылуу кармоочу жайга киригизилип, 23 жаштагы жаран күбө катары сурак берүүдө», — деп билдиришти милициядан.

Учурда экспертизалар дайындалып тергөө иштери уланып жатканы кошумчаланды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button