Германия Кыргызстанга 110 миң доза вакцина жиберет

Германия өкмөтү COVAX глобалдык механизми аркылуу Кыргызстанга коронавируска каршы 110 миң доза вакцина берүүнү чечти. Бул тууралуу Германиянын КРдеги элчиси Габриэлла Геллил билдирди.
ТИМдин маалымат кызматы билдиргендей, жаңы дайындалган элчи ишеним грамотанын көчүрмөсүн Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевге тапшырган.
Кайсы өндүрүштөн чыккан вакцина келери айтылган эмес. Тараптар логистика маселесин кошумча дагы талкуулоону чечишкен.
Мындан сырткары, алдыдагы эки тараптуу иш-чаралар боюнча пикир алышкан. Министр 2022-жылы эки өлкөнүн дипломатиялык мамилеси орногонунун 30 жылдыгын белгилөөгө, жогорку деңгээлдеги иш сапарларды уюштурууга көңүл бурган.
Ошондой эле маданий-билим берүү тармагында кызматташтыкты кеңейтүү жана бекемдөө максатында пландалып жаткан француз-герман институтун ачуу тууралуу талкуу болгон.
Казакбаев элчини Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата 30-31-августта өтө турган майрамдык иш-чарага чакырган.
COVAX — бул Вакциналар жана иммунизация боюнча дүйнөлүк альянс жана Эпидемияларга карата даярдыкты камсыздоо жаатындагы инновация боюнча коалициясы менен биргеликте ДССУ тарабынан чыгарылган эл аралык механизм.
Программа өндүрүштүк кубаттуулуктарды түзүүнү колдойт жана сатып алууларды жүргүзөт. Анын шарттары боюнча, кирешеси жогору өлкөлөр башка мамлекеттерге жардам берүү максатында вакциналардын акчасын төлөшөт.



