Коом

Мээрим Жуманазарова «Манас» ордени менен сыйланып, 7 млн. сом жана унаа алды

Токио Олимпиадасында күрөш боюнча коло медаль уткан Мээрим Жуманазарова III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланып, 7 миллион сом акчалай сыйлык жана президенттин колунан Toyota RAF 4 автоунаанын ачкычын алды.

Жуманазарова президент Садыр Жапаровго жана кыргыз элине ыраазычылык билдирип, Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы менен куттуктады.

Азыркы тапта «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Олимпиаданын байге ээлерин сыйлоо аземи өтүп жатат.

Эске салсак, 3-августта Жуманазарова күрөш боюнча 68 килограмм салмак категориясында Олимпиаданын коло медалын утуп алган. Муну менен ал кыз-келиндер күрөшүнөн Олимпиадада медаль алган алгачкы кыргызстандык балбан болуп калды. Ал болгону 21 жашта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button