Коом
Коронавирус. 199 адамдан аныкталып, дагы 5 бейтап каза тапты

Кыргызстанда 24-августка карата коронавирус дагы 199 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинде аймактар боюнча:
Бишкек шаарында – 96,
Ош шаарында – 4,
Чүй облусунда – 45,
Талас облусунда – 5,
Нарын облусунда – 9,
Ысык-Көл облусунда – 29,
Жалал-Абад облусунда – 2,
Баткен облусу — 8 адамдан илдет табылган.
Ал эми бир суткада 444 адам илдеттен сакайып чыккан.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча беш бейтап каза болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 266 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 10 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 174 миң 347 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 167 миң 146 киши айыгып чыкса, 2 миң 494 адам каза болду.



