Коом

ЖКнын экс-депутаты Урмат Самаев Токмокко мэр болуп шайланды

Бүгүн, 26-август күнү, Чүйдүн Токмок шаардык кеңешинин кезексиз жыйынында Урмат Самаев калаа мэри болуп шайланды. Маалымат Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына чыкты.

Жыйынга катышкан 30 депутаттын 19у аны колдоп добуш берген. Ал коалициялык көпчүлүк («Бирге-Вместе», «Патриот Ынтымагы», «Эл биримдиги») тарабынан сунушталган. Ага «Эмгек», «Асыл Мурас Жаштары» партияларынан түзүлгөн азчылыктан көрсөтүлгөн Кубатбек уулу Азат атаандаштык кылды. Ага 11 добуш берилди.

Бүгүн Бишкек менен Ош шаарларынын башчылары да шайланды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button