Коом
Талас шаарына тажрыйба алмашуу үчүн Россиядан келген 8 мугалим келди
Алар Талас мэриясы менен Москва шаарынын билим берүү мекемеси түзгөн келишимдин алкагында келип, 1 жыл бою сабак беришет.
▪️№2 орто мектебине орус тили жана адабияты мугалими
▪️№3 орто мектебинде математика, география жана башталгыч класстын мугалими
▪️№7 орто мектебине математика, география жана башталгыч класстын мугалими
▪️“Билимкана-Талас” билим берүү мекемесине математика мугалими бөлүштүрүлдү.
Буга чейин жаңы окуу жылында “Чет өлкөдөгү россиялык мугалим” долбоорунун алкагында Россиядан Кыргызстандын 51 мектебине 120 мугалим иштей турганы айтылган.



