Коом

Кумтөр акыркы 2,5 жылда Кыргызстанга 300 млн доллар киреше алып келди

«Акыркы эки жарым жылда биз Кумтөр кенинен 300 млн доллар көлөмүндө киреше алдык», — деди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекте өткөн форумда.

Анын маалыматына караганда, мамлекеттик активдер 2015-жылы 310 млрд сомду, 2020-жылы 420 млрд сомду түздү, же 5 жыл ичинде 1,5 эсеге өстү. Азыр мамлекеттик активдер 824,2 млрд сомду түзүп, акыркы 3 жылда эки эсеге өскөн.

«Бул жетишкендиктерге коррупцияны жоюу да себеп болгон. Анын негизги «оорусу» Кумтөр болчу. 1994-жылдан 2021-жылдын май айына чейин «Кумтөрдөн» түшкөн дивиденддер 100 млн долларды түзсө, акыркы эки жарым жылда 300 млн доллар киреше таптык. Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата биздин үзүрлүү ишибиздин негизинде «Кыргыз Республикасынын финансы тармагында жаңы доор келди» деп ишенимдүү түрдө билдиребиз», – деди Акылбек Жапаров.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button