Коом
Кыргызстанда бир суткада 142 адамдан COVID-19 табылып, 4 бейтап каза болду

Кыргызстанда 1-сентябрга карата коронавирус дагы 142 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти
Маалыматка ылайык, анын ичинде аймактар боюнча:
Бишкек шаарында – 70,
Ош шаарында – 1,
Чүй облусунда – 18,
Талас облусунда – 1,
Нарын облусунда – 6,
Ысык-Көл облусунда – 35,
Жалал-Абад облусунда – 1,
Баткен облусу — 10 адамдан илдет табылган.
Ал эми бир суткада 290 адам илдеттен сакайып чыккан.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 4 бейтап каза болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 36 бейтап, амбулатордук түрдө 795 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 175 миң 876 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 170 миң 67 киши айыгып чыкса, 2 миң 532 адам каза болду.



