Коом

Парламенттик шайлоо. 29-октябрда республика боюнча үгүт иштери башталат

29-октябрда Кыргызстан боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого үгүт иштери башталат. Бул тууралуу КР Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР мыйзамдарынын негизинде шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин каттоо мөөнөтү аяктаган күнү башталат жана добуш берүү башталганга 24 саат калганда аяктайт.

Ошентип, үгүт иштери 29-октябрда башталып, 27-ноябрь саат 08:00гө чейин уланат.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрга дайындалган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button