Окуялар
Бишкекте троллейбус өрттөндү. ФОТО

Бишкектин Байтик баатыр көчөсүндө троллейбустан өрт чыкты. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы кабарлады.
Транспорттогу өрт тууралуу маалымат болжол менен саат 10:30да түшкөн.
Кайгуул кызматы билдиргендей, өрт автотранспорттун электрондук панелинен чыккан. Күбөлөрдүн айтымында, айдоочу троллейбустун терезесинен чыгып, жүргүнчүлөр арасынан эч ким жабыркаган эмес. Өрт өчүрүлүп, троллейбус депого токтотулганы кошумчаланды.




