Спорт

Токиодо Паралимпиада оюндары жыйынтыкталды

Ушул тапта Токиодо XVI жайкы Паралимпиада оюндарынын расмий жабылышы жүрүп жатат. Бул тууралуу мелдештин расмий сайтында белгиленет.

Салтанат көрүүчүлөрсүз өтүүдө. Паралимпиада 24-августта башталып, 5-сентябрга чейин созулду. Парадга 162 курама жана качкындар командасынын атлеттери катышууда.

Медалдар боюнча Кытай 96 алтын, 60 күмүш жана 51 коло байге утуп, биринчи орунду ээледи. Экинчиде Улуу Британия (41-38-45), ал эми үчүнчүдө АКШ (37-36-31) турат.

Россиянын Паралимпиадалык курама командасы төртүнчү сапта (36, 33, 49) калды.

Кыргызстандан аталган мелдешке парадзюдочу Хайитхон Хусан кызы жана ядро ыргытуунун чебери Арыстанбек Базаркулов катышты.

Дзюдочу кыз 28-августта килемге чыгып, казакстандык Даяна Федосовага жеңилип мелдешин жыйынтыктаган. Ал эми Базаркулов 4-сентябрда таймашка чыгып, ядрону 7,92 метр аралыкка ыргыткан. Бул көрсөткүч медаль утканга жетиштүү болгон эмес.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button