Коом
Баткенде 100дөн ашуун үйдүн курулушунан кемчиликтер аныкталып, кайра оңдолууда

Мамкурулуш агенттигинин директорунун орун басары Азирет Акимов бүгүнкү күндө 332 турак жай толук бүтүп, анын 200дөн ашуунуна тургундар кирип жашап жатканын билдирди.
«Калган 100дөн ашуун турак жайда кошумча жумуштар пайда болуп, ошолорду оңдоп-түзөө жумуштары жүрүп жатат. Курулуш иштери кыш мезгилинде жасалгандыгына байланыштуу кошумча жасала турган иштер аныкталган. Кээ бир үйлөрдүн ичин текшергенде терезелеринен суук кирип көгөргөн учурлар чыккан”, — деди Акимов.



