Коом
Казак паспорту менен капчык таап алган. “Тазалыктын” кызматкери кайтарып берүү үчүн ээсин издейт

«Тазалыктын» кызматкери акчасы, казак паспорту жана банктык карталары менен капчык таап алган. Бул тууралуу «Тазалыктын» басма сөз катчысы Жибек Каракеева социалдык тармактагы баракчасына жазган.
Ал белгилегендей, капчыкты таштанды чыгаруучу унаанын айдоочусу таап алган.
«Ал бир дагы сом алган эместигин жана ээсине которуп берерин айтты. Паспорт ВОЛТОВА ВАЛЕРИЯ РОМАНОВНАга таандык. Биз сизди издеп жатабыз»,-деп жазган ал.



