Коом

Быйыл Кыргызстанда түшүм аз болгону айтылды

Жай айындагы кургакчылык жана сугат суунун жетишпеситиги өлкөдөгү дан азыктарындагы түшүмдүн азаюусуна алып келди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматта айтылгандай бул күнгө карата өлкө аймагындагы эгин талаалардан жыйналып алынган буудайдын жалпы көлөмү 274,8 миң тоннаны түздү. Бул өткөн жылдын ушул маалына салыштырмалуу 229,2 миң тоннага же 54,5 пайызга аз. Ал эми арпа 189,7 миң тонна чабылган. Бул дагы өткөн жылга салыштырмалуу 233,4 тоннага аздык кылат.

Мындан тышкары картошка 31,8 миң тоннага аз жыйналган.

Ушул сыяктуу эле былтыркы жылдан аз жыйналган түшүмдөр жашылча-жемиш жана мөмө-жемиштерге да таандык. Тактап айтканда мөмө-жемиштин түшүмү 6,5%, жашылчаныкы 2,4%га төмөндөгөн.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 25-июль күнү абанын температурасы 39,5 градуска жетип, кадимки чектен 7,7 градус ашып кеткени кабарланган. Ошондой эле, жай мезгили боюнча бир канча ирет чектен ашкан ысык катталган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button