Коом
Бишкекте бир жума аралыгында жол эрежелерин бузуу боюнча 4191 факты аныкталды
Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарында 3-9-сентябрь аралыгында жол эрежелерин бузуу боюнча 4 миң 191 факты аныкталды.
Кайгуул кызматынан билдиришкендей, алардын ичинен:
— Мас абалында авто унаа башкаруу — 45 айдоочу;
— Авто унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо — 6;
— Айдоочулук кубөлүгү жок авто унаа башкаруу — 34;
— Жасалма мамлекеттик номер менен авто унаа башкаруу — 3;
— Жөө жүргүнчүлөр жана велосипед айдаган жарандар катышкан жол эрежесин бузуулар — 44;
— Башка жол эрежелерин бузуулар — 4059.
“588 автоунаа ар кандай жасаган бузуулары үчүн убактылуу айып короо жайына токтотулду”, — деп айтылат маалыматта.



